Манас аэропортунан башка паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылган аял кармалды

Манас аэропортунан башка паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылган аял кармалды

“Манас” аэропортунун өткөрүү пунктунан чек арачылар тарабынан мамлекетти мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек-Стамбул аба каттамындагы паспорттук текшерүүдөн өткөрүү учурунда чек арачылар тарабынан 37 жаштагы  ыргызстандын жараны кармалды.  Паспортту текшерүү учурунда чек ара кызматы паспорттогу сүрөтү менен документти алып жүргөн адамдын сырткы көрүнүшүндө айырмачылыктарды аныктаган.

Маалым болгондой,  К.П. аттуу жаран 1981-жылы туулган К.С.нын атына чет элдик паспортун көрсөткөн. Кармалган жарандын айтымында, паспорт анын эжесине таандык.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>