Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Бишкектен Дубайга учуп кеткенби?

12.01.2022 | 21:02

Социалдык тармактар ​​Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Болат кыргыз-казак чек арасынан өтүп кеткени тууралуу документти таратып жатышат. Бул тууралуу 24.kg өз булактарына таянып жазды.

Документте Болат Назарбаев 6-январь күнү саат 05:36да Кыргыз Республикасынын аймагына автоунаа менен киргени айтылат.

24.kg агенттиги өз булактарына таянып, Нурсултан Назарбаевдин бир тууган агасы чындап эле чек араны “Ак-Жол – Автодорожный” (КР) – “Кордай – Автодорожный” (РК) өткөрмө бекети аркылуу өткөнүн билген.

“Болат Назарбаев Кыргызстандын аймагына 6-январда кирген. Бирок ошол эле күнү “Манас” аэропортунан Бишкек-Дубай каттамы боюнча учуп кеткен”, – деп билдирди редакция.

УКМКнын Чек ара кызматы бул маалыматты купуялуулукка шылтоолоп, комментарий берүүдөн баш тартты.

Scroll to Top