Нью-Йоркто өзбек тектүү тургун үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсүн өлтүргөн деп шектелүүдө

Нью-Йоркто өзбек тектүү тургун үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсүн өлтүргөн деп шектелүүдө

АКШнын Нью-Йорк шаарында өзбек тектүү жаран апасын, жеңесин жана анын эки баласын өлтүрүүгө шектелип жатат.

New York Post басылмасынын маалыматына караганда, окуя 19-июлда Бруклинде болгон. 24 жаштагы тургун апасын, жеңесин жана анын эки баласын бычактап өлтүргөн.

Жергиликтүү полиция кызматкерлери шектүүнүн 56 жаштагы апасы Мавлюда Файзиеванын сөөгүн ошол эле күнү саат 22:20да табышкан. Анын мойнунда бычактан алган жарааттары болгон.

Беш жаштагы Камила менен төрт жашар Тимурдын жана алардын 27 жаштагы апасы Мафтуна Хакимованын сөөктөрү үйдөгү шкафтан табылган. Алардын денелеринде да бычактан алган көптөгөн жаракаттар болгон.

Шектүү кармалды. Полициядан билдиришкендей, ал психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүн.

New York Post’тун кабарчысы менен сүйлөшкөн коңшуларынын бири шектүү маңзат колдонуп жүргөнүн айтып берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Америка

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>