Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Кыргызстан менен Папуа-Жаңы Гвинеянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү
25.09.2025 | 14:24

24-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Папуа-Жаңы Гвинеянын тышкы иштер министри Жастин Ткаченко жолугушту.
ТИМдин маалыматында, жолугушууда тараптар дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча биргелешкен коммюникеге кол коюшкан.
Министрлер ошондой эле эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маселелерди жана көп тараптуу аянтчалардагы кызматташууну талкуулашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат