Бишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсызКыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдө
ӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө
01.08.2025 | 16:43
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 1-августта, Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу мүмкүндүгүн эскертти.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде аймакта күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши мүмкүн.
Адистер мындай аба ырайы элдин коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин айтып, жарандарды коопсуз жайларда болууга жана шамал учурунда сак болууга чакырууда.
Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалга туш болсоңуз, дароо “112” номуруна кайрылуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
Рубрики: Жаңылыктар