Өлкөнүн толуу райондордундагы жолдордо кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Мекеме Мырза-Аке – Кара-Кулжа -Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда этият болууга чакырат.
«Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — дейт ӨКМ.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз