«Бизнес ачабыз». Жарандан 78 миң доллар алып, алдап кеткен шектүү кармалды

«Бизнес ачабыз». Жарандан 78 миң доллар алып, алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте шаар тургунунан акча алып, алдап кеткен деп шектелип жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-декабрда милицияга Ш.Д. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, Т.Ж. аттуу жаран чогуу бизнес ачабыз деген шылтоо менен 78 миң доллар акча алып, алдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 21 жаштагы Т.Ж. аттуу жигит кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн клмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0 (707) 525 222 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>