ӨКМ Жүрөк хирургиясы институтуна буга чейин өрт коопсуздугу боюнча эскертме берилгенин билдирди

12.02.2025 | 13:49

Бишкекте 11-февралда өрт чыккан Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна буга чейин өрт коопсуздук эрежелери боюнча эскертме берилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 2024-жылы 26-мартта алардын Өрттү көзөмөлдөө кызматы Жүрөк хирургиясы институтунда текшерүү жүргүзүп, 18 пункттан турган бузууларды четтетүү тууралуу эскертме берген. Кийин эскертүүлөр толук кандуу аткарылбагандыктан мекемеге Укук бузуулар кодексинин 143-беренесине ылайык 23 миң сом айып салынган.

Текшерүүнүн негизинде эки суу алуучу гидрант оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке берилген.

Министрлик Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан социалдык мекемелер, эл көп каттай турган соода борборлоруна тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүп турарын билдирди.

Эскерте кетсек, 11-февралда болжол менен саат 21:00дарда Жүрөк хирургиясы институтунда өрт чыгып, 23:15те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн айынан эки бейтап – 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм каза болгон. Дагы 9 адам иске ууланган. 31 бейтап башка ооруканаларга которулуп, операцияны күтүп жаткан 19 бейтап үйүнө жөнөтүлгөн.

https://reporter.kg/zhyrok-hirurgiyasy-institutundagy-orttyn-ajynan-nariste-zhana-ospyrym-kaza-bolgon/

Scroll to Top