Кадамжайда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип 26 жаштагы жаран кармалдыКүн станциялары, заводдор жана сурманы кайра иштетүү: Баткенде кандай долбоорлор ишке ашууда?Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кырчын капчыгайында кайсы иш-чаралар өткөрүлөт13 жаштагы кыргызстандык БУУга космосту таштандыдан тазалоо долбоорун сунуштадыАфганистанда бир миллионго жакын бала ачарчылыктан улам өлүм алдында туратМузыка, кол өнөрчүлүк жана акындар: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы «Рух Ордодо» кандай өтөт?
Таштанды челекти тороп турган унаалар айып короого алынып кете баштайт
12.02.2025 | 13:26
Бишкекте таштанды челекти тороп турган унаалар бүгүн, 12-январдан тарта айып короого эвакуациялана баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэриядан белгилешкендей, унаасын таштанды челекти тороп калтырып кеткен айдоочулардын айынан «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери таштандыны убагында чыгарып кете албай калат. Эрежеге ылайык унааны антип калтырууга болбойт.
Бүгүндөн тарта челектерди тороп турган унаалар айып короосуна алынып кетет.
Бишкектин мэриясы «Тазалыктын» кызматкерлери таштандыларды түнкү саат 00:00дон 06:00го чейин алып кетерин эске салып, шаар тургундарын таштандыны саат 19:00дон 00:00го чейин чыгарууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом