Өкмөт башчы Эне жана баланы коргоо борборундагы шарттар менен таанышты

Өкмөт башчы Эне жана баланы коргоо борборундагы шарттар менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборуна барып, мекемедеги дарылоо шарттары жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга көрсөтүлүп жаткан кызматтар менен таанышты.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Минкаб төрагасы реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүн, төрөт бөлүмүн көрдү.

Адистер ымыркайлар үчүн скрининг, ретинопатия жана аудиологиялык текшерүү системалары тууралуу маалымат беришти. Касымалиев эне-баланын саламаттыгын коргоо мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты бойдон кала берерин белгиледи.

Ошондой эле ал балдардын тамак-ашын камсыздоочу диетология бөлүмүнө барып, керектүү жабдууларды сатып алуу жана өндүрүштү жолго коюу боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын тез жардам бөлүмүнүн абалы менен таанышып, тиешелүү органдарга бир катар тапшырмаларды жүктөдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>