Өкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардан ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда, Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында айтты.
Өкмөт башчысы жыйынга катышкан УКМК, Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Салык кызматынын өкүлдөрүнө кайрылып, ишкерлерге карата негизсиз кийлигишүүлөрдү токтотууну тапшырды. Ал учурда текшерүүлөргө карата мораторий иштеп жатканын эскертти.
«Бизнеске мыйзамсыз, негизсиз тийишкениңерди токтоткула. Эгерде мыйзам бузуу болсо, бул башка маселе. Ал эми жөн эле барып алып каражат талап кылгандар токтосун», — деди ал.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев прокуратура органдарына бул багыттагы көзөмөлдү күчөтүүнү милдеттендирди. Ал тийиштүү кызматкерлер мониторинг жүргүзүп, ишкерлер арасында сурамжылоо иштерин улантып турарын билдирди.
Өкмөт башчы экономикада ишкерлердин салымы зор экенин, бюджеттик кирешелер алар төлөгөн салыктардын эсебинен толукталып, курулуш иштери ишке ашып жатканын баса белгиледи.