Өкмөт башчы келерки жылы Бишкекке 20 жаңы мектеп салынарын айтты
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев президенттин тапшырмасы менен 2026-жылы өлкөнүн чоң шаарларына 36 жаңы мектеп салынарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-декабрда, Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айтты.
Анын айтымында, Бишкек шаарына 20, Ош шаарына 10, ал эми Манас шаарына 6 мектеп салынат. Ошондой эле авариялык мектептер толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңыланат.
Касымалиев мектептердин жетишсиздиги чоң көйгөйлөрдүн бири экенин айтты. Анткени өлкөдөгү инфрастукртура демографиялык өсүүгө даяр эмес эле. Айрыкча калк жыш жайгашкан шаарларда мектеп жетишсиздиги маселеси курч бойдон калууда.
“Шаардашуу жана ички тышкы миграциянын айынан калк Бишкек жана башка шаарларга топтолду. Бишкекке 2023-жылы 15 мектеп курулган, андан бери бир нече мектептер ачылды. Бирок бул да бүгүнкү күндө Бишкекке жетишсиз болууда”,- деп билдирди.
Өкмөт башчынын маалыматында, учурда Кыргызстанда 1 млн 536 миң окуучу билим алат. Ал эми мектептердин саны 2 миң 394ди түзөт.