КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
ТИМ Орусиянын көзөмөл реестрине кирген мигранттарга кандай чектөөлөр коюлганын түшүндүрдү
24.12.2025 | 11:53
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын көзөмөлдөнүүчү жактардын реестрине кирген чет өлкөлүктөргө бир нече чектөөлөр коюлганын маалымдады.
Мекеменин маалыматында, Орусияда кабыл алынган мыйзамдын негизинде 2025-жылдын 5-февралынан баштап өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр көзөмөлдөнүүчү жактардын реестрине киргизилет. Ал эми реестрге кирген мигранттаргна бир катар чектөөлөр коюлган:
- Ички иштер органынын уруксатысыз Орусияда жашаган жерин же турган жерин өзгөртүүгө тыюу салынат;
- транспорт каражаттарын башкарууга чектөө коюлат;
- кыймылсыз мүлктү, транспорт каражаттарын сатып алууга же ажыратууга, ошондой эле мамлекеттик органдарда каттоого тыюу салынат;
- никеге турууга тыюу салынат;
- банктык эсепти ачууга жана башка банктык операцияларды жүргүзүүгө, ошондой эле көзөмөлдөнүүчү жактын эсебине акча каражаттарын которууга жана көзөмөлдөнүүчү жакка айына 30 миң рублдан ашпаган суммада накталай акча каражаттарын берүүгө чектөө коюлат.
- Мыйзамда каралган дагы башка чектөөлөр.
ТИМ көзөмөлдөгү мигрант тыюу салууларды бир нече жолу бузса, ал атайын мекеме жайгаштырыларын жана өлкөдөн депортацияланарын эскертти. Ошондой эле ага карата Орусияга киргизбөө чечими кабыл алынышы мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом