Өкмөт башчы менен ЕРӨБдүн вице-президенти энергетика, инфраструктура боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) вице-президенти Маттео Патроне менен жолугуп, энергетика, инфраструктура, жеке секторду колдоо сыяктуу негизги тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуда өкмөт башчы ЕРӨБ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеген. Ошондой эле ал быйылкы жылдын тогуз айында ИДП 10%га өскөнүн жана 2030-жылга карата ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү максаты коюлганын билдирген.
Мындан тышкары ал 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан стратегиялык темир жолунун курулушу жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору тууралуу маалымат берген.
Өз кезегинде Маттео Патроне Кыргызстандын экономикасынын динамикалык өнүгүүсүн жогору бааланае. Ал ЕРӨБ өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө умтулуусун ырастап жана өкмөт башчы белгилеген приоритеттүү багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирген.