Парламенттик шайлоо: 34 чет мамлекетте 100 шайлоо участогу ачылат

29.10.2025 | 16:25

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо чет жерде жүргөн жарандардын добуш берүүсү үчүн 34 чет мамлекетте 100 шайлоо участогу ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда, республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Жыйында тийиштүү мамлекеттик органдар бир катар шаарларда тиешелүү даярдык иштерин жүргүзүп, адистерди окутуп, техникалык жабдууларды сыноодон өткөрүп жатканы тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, эл аралык байкоочуларды чакыруу жана катышуу аракеттери жүрүп жатат. Жыйында ошондой эле шайлоо процессине даярдыктар боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду.

Данияр Амангелдиев мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону сапаттуу уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, алдыдагы шайлоо өлкөбүздүн демократиялык өнүгүүсүнүн маанилүү этабы экенин айтты.

“Учурда жүз миңдеген мекендештерибиз чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жатышат. Алардын ар бири Кыргызстандын жараны катары өз добушун берүүгө жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууга укуктуу. Ошондуктан, алардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу мамлекеттин түздөн-түз милдети. Биздин негизги максатыбыз – шайлоону ачык, мыйзамдуу, коопсуз өткөрүү”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурдагы шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, чет өлкөдө жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктар Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдуктарынын алдында ачыла турган добуш берүү тилкелеринде добуш бере алышарын билдирген.

Scroll to Top