Өкмөт башчы Ысык-Көлдө курулуп жаткан эки күн электр станциясы менен таанышты
Бүгүн, 20-февралда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун эки айылына курулуп жаткан күн электр станцияларга барып, курулуш иштери менен таанышты.
Алгач өкмөт башчы Тору-Айгыр айылында «Бишкек Солар» ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан күн электр станциясына барды. Аталган станциянын курулуш иштери 80%га бүткөрүлгөн.
Маалыматка ылайык, станциянын жылдык өндүрүшү 600 млн кВт·саатты түзөт. Долбоорго жумшалган инвестициянын көлөмү 2027-жылдын февралына карата 280 млн долларга жетет. Кубаттуулугу 100 МВт болгон биринчи этап 2026-жылдын августунда, ал эми калган этаптары 2027-жылдын августунда ишке киргизилет.
Андан кийин Касымалиев Кызыл-Орук айылындагы долбоор менен таанышты. Вьетнамдык «Рокс Энержи Глобал» компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан “Ысык-Көл-1” күн электр станциясынын курулушу 2025-жылдын сентябрында башталган. Инвестициянын көлөмү – 1,4 млрд доллар.
Объекттин жалпы кубаттуулугу 1 900 МВт түзөт. Станция жыл сайын 3,6 млрд кВт·саат электр энергиясын өндүрө алат. Курулуш үч фазага бөлүнгөн: 150 МВт, 450 МВт жана 1 300 МВт. Комплекстин курулушу 2028-жылы аяктайт.
Адылбек Касымалиев долбоорлорду ишке ашыруу темпин белгилеп, Министрлер Кабинети энергетика, инфраструктура жана айыл чарба тармактарына инвестиция салууга даяр тараптар үчүн шарттарды жана колдоону камсыз кыларын билдирди.




