Өкмөт башчы ЖРТдан жогорку балл алгандарга алтын сертификаттарды тапшырды

Өкмөт башчы ЖРТдан жогорку балл алгандарга алтын сертификаттарды тапшырды

Бүгүн, 2-июнда Ынтымак-Ордодо өкмөт башчы Адылбек Касымалиев жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага алтын сертификаттын 54 ээси, ошондой эле ЖРТдан жогорку балл алган 19 окуучу катышты. Аларга ата мекендик өндүрүштөгү ноутбуктар белекке берилди.

Адылбек Касымалиев аземде сүйлөгөн сөзүндө өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан окуучуларды алтын сертификаттары менен куттуктап, алар өлкөбүздүн сыймыгы экенин белгилеген.

«Бүгүнкү күн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр үчүн гана эмес, жалпы коомубуз үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Бул ийгиликтин артында балдардын өздөрүнүн аракети гана эмес, ата-энелердин камкордугу, мугалимдердин тынымсыз эмгеги турат. Сиздерди бул маанилүү окуя менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Быйыл 56 миңден ашуун тестирлөөгө катышуучулардын арасынан көрүнүктүү натыйжаларга жетишкен бүтүрүүчүлөрдүн санынын көбөйүшү өзгөчө кубандырат. Бул билимдин баалуулугун түшүнгөн жана алдына койгон максаттарга умтулган жаңы муун өсүп келе жаткандыгынын ачык далили. «Алтын сертификат» – бул жөн гана жогорку балл эмес, бул тырышчаактыктын, туруктуулуктун жана чечкиндүүлүктүн татыктуу натыйжасы», — деген ал.

Ошондой эле өкмөт башчы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесибин тандоого өзгөчө жоопкерчилик мененмамиле кылууну каалап, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн билимдүү, жоопкерчиликтүү, кесипкөй жана патриоттук маанайдагы кадрлар керектигин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>