Өкмөт диний материалдарды көзөмөлдөөнүн жана жайылтуунун жаңы тартибин бекитти

Өкмөт диний материалдарды көзөмөлдөөнүн жана жайылтуунун жаңы тартибин бекитти

Министрлер кабинети Кыргызстанда диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу тартибин бекитти. Токтом «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Токтомдо ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү жана Кыргызстанда диний билим берүү тартиби бекитилди.

Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев  27-июнда кол койгон. Документ «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Ага ылайык, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик бир айлык мөөнөттө аталган тартиптин ченемдерин кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

Ал эми Мамлекеттик бажы кызматына жана УКМКнын Чек ара кызматына диний материалдарды жана диний багыттагы предметтерди мыйзамсыз ташып келүүгө жана ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрүү милдети коюлган.

Токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>