Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Өкмөт лом жана кара металлдын экспортуна чектөө киргизди
07.08.2023 | 19:20
Министрлер кабинети 7-августтан баштап баалуу металлдардын, ломдун жана кара металлдын калдыктарынын экспортуна чектөө киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, алты айга баалу металлдарды жана алардын чийки заттарын 500 килограммдан ашык алып чыгууга болбойт.
Ушундай эле убакыт аралыгына лом, кара металл жана алардын калдыктарын ЕАЭБдин территориясынан тышкары экспорттого тыюу салынды.
Экономика жана коммерция министрлигине ДСУга жана ЕАЭБге киргизилген чектөөлөр жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом