Nvidia компаниясынын жетекчиси Женсен Хуанг жаңжалдын фонунда кызматтан кеттиЧүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөткана курулатБишкектин Асанбай кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу токтотулду«Айтматов» тасмасынын режиссёру баасы 250 миң долларлык бриллиант алдыКыргызстанда брондолгон унааларды өндүрүү долбоору ишке ашырылуудаКыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады — тизме
Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жаткан адам кармалды
07.08.2023 | 18:55
Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык уулап жаткан 61 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан биллиришти.
Мааоыматка караганда, кармалган жарандан далил зат катары 51 даана «чабак» балыгы жана үйлөмө резина кайыгы алынган.
Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн чогулган материалдар аймактык милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда териштирүү иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар