Өкмөт: Ысык-Көлдө 12 жыл иштебей турган көмүр кени ишке кирди

03.08.2023 | 14:02

Ысык-Көлдө 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышкан.

– деп айтылат маалыматта.“Таанышуу учурунда бул кен 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы, бирок 2022-жылдын жаз айларында өлкө президентинин тапшырмасына байланыштуу иш жанданганы жана  Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылары айтылды”,

Учурда Жыргалаң кенинде күнүнө 100-120 тонна көмүр казылып алынат. Кышында Каракол шаарына, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондоруна 12 миң тонна көмүр керектелет. Ага байланыштуу бул аймактардын көмүргө болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени камсыздаш керектиги белгиленген.

[image_carousel source=”media: 195382,195381,195379,195384,195383,195380″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top