Эл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылдыСадыр Жапаров Жогорку Кеңеште: жиктелүү коркунучу, УКМКдан келген «кураторлор» жана ипотека
Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттарын сый тамакка чакырды
30.06.2022 | 00:16
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын жайкы каникулга кетип бара жаткандыгы үчүн аларды сый тамакка парламентте чакырды.
“Кечинде болсо Талант Турдумаматович менен акылдаштык элек, кап этпесеңиздер столдун үстүндө бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп, сиздердин каникулдарды өткөрүп келүүгө, өзүңүздөрдүн шайлоочулар менен жолугушуп келүүгө, бизге тапшырмаларды ала келүүгө, биз сиздерди жөнөтүп коюууга уруксат этиңиздер. Кечинде саат сегизде күтөбүз”-деди Жапаров.
Жогорку Кеңеш жыл сайын ушул маалда 2 айлык каникулга тарайт. 2 айдын бир айын шайлоочулар менен жолугушуп иштесе, бир айын эс алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат