Окуучулар мартта 3 гана күн эс алышат. Министрлик себебин түшүндүрдү

17.02.2026 | 11:41

2025-2026-окуу жылындагы жазгы каникул 6-марттан 8-мартка чейин (3 күн) созулат. Агартуу министрлиги мунун себебин түшүндүрмө берди.

Ченемдик актыларга ылайык, окуучулар үчүн бир окуу жылында жалпы 30 календардык каникул күнү каралган.

Ал эми жаңы Эмгек кодексине ылайык, январь (1-7-январь) жана май (1-9-май) айларында узак мөөнөттүү иштебеген майрам күндөрү белгиленген. Дем алыш күндөрдү кошкондо кышкы жана май айындагы эс алуу 12 күнгө жетиши мүмкүн.

Бул майрамдык эс алуу мектептерге да тиешелүү. Ошентип каникулга бөлүнгөн жалпы 30 күндүн 24 күнү кышкы каникулга (январь) жана май айындагы майрамдарга туура келет. Калган 6 календардык күн күзгү жана жазгы каникулдарга бөлүштүрүлгөн. Ушуга байланыштуу 2025-жылдын ноябрь айында окуучулар 5 күн эс алышкан. Ал эми жазгы каникулга 3 күн калган.

Мындан улам жазгы каникул 2026-жылдын 6-мартынан 8-мартына чейин (дем алыш күндөрүн кошкондо) деп белгиленген. Ошондой эле окуучулар 1-майдан 10-майга чейинки майрам күндөрүндө окуудан бошотулушат.

Scroll to Top