Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарынын финалына чыга албай калды.
Алгачкы беттеште кыргызстандык балбан кыз Кытайдын спортчусун жеңип, чейрек финалда индиялык атаандашынан күчтүүрөөк болду.
Жарым финалдык беттеште Медет кызы америкалык Кеннеди Блэйдс менен беттешип, ага 6:8 эсебинде жеңилип калды.
11-августта кыргызстандык спортчу коло медаль үчүн Каталина Аксенте (Румыния) — Марин Потрили (Куба) жупунун жеңүүчүсү менен беттешет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз