Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу Париждеги Олимпиада оюндарынын чейрек финалында жеңилүү ызасын тартты.
57 кг салмакта күрөшкөн Алмаз уулу таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде уткан.
Чейрек финалда ал америкалык Спенсер Ли менен таймашка түшүп, 2:12 эсебинде жеңилип калды.