Олимпиада чемпиону Андрей Зубарев Кыргызстанда хоккей боюнча мастер-класс өткөрөт

Кыргызстанда спорттун хоккей түрүн машстабдуу деңгээлде өнүктүрүү керек. Бул оюнга кызыккан жаштардын саны көбөйүүдө, деп билдирди КР Хоккей федерациясынын вице-президенти Асел Абдыгулова бүгүн, 5-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында.
Анын айтымында, оюнга кызыккан кыз-келиндерди жана жаш өспүрүмдөрдү колдоо, шыктандыруу менен оюндун бул түрүн өнүктүрүүгө бир топ аракеттер көрүлүп жатат.
“Балдар жана өспүрүмдөр командалары арасында өтүп жаткан “Манас кубогу” эл аралык турниринин алкагында Россиядан атайы дүйнөлүк хоккейдин легендасы, Олимпиада чемпиону, Гагарин кубогунун ээси жана Улуттук хоккей лигасынын (NHL) мурдагы оюнчусу Андрей Зубаревди чакырдык. Анын Кыргызстанга келиши биз үчүн сыймык. Биздин жаш хоккейчилер абдан сүйүнүп күтүп жатат. Анткени аларга абдан чоң мотивация берет”, – деди Асел Абдыгулова.
Ал белгилегендей, Андрей Зубарев Кыргызстандагы 3 күндүк иш сапарында оюнчулар үчүн мастер-класс өткөрүп, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт. Ага Бишкек, Нарын, Ысык-Көл облустарында түзүлгөн курама командалар катышып, өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алышат жана тактикаларын үйрөнүшөт.

Мындан тышкары Андрей Зубарев өлкөнүн хоккей клубдары менен жолугушуп, Казакстан, Өзбекстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнүн хоккейчилери үчүн мастер-класстарды өткөрөт жана аймактарда хоккейдин өнүгүүсү менен таанышат.