Олимпиадада спортчулар кытай компаниясын жарнамалайбы? Спорт департаментинин жообу

Олимпиадада спортчулар кытай компаниясын жарнамалайбы? Спорт департаментинин жообу

Кыргыз спортчуларынын Парижде өтө турган Олимпиаданын ачылуу аземинде кийе турган параддык жана спорттук формасында кытайлык 361 Degrees компаниясынын эн белгиси түшүрүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аталган компаниянын логотиби келишим боюнча көрсөтүлгөнүн айтты.

Reporter.kg’ге Спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиевдин билдирүүсүндө, 361 Degrees менен төрт спорттук иш чарага келишим түзүлгөн.

«361 Degrees — Азия оюндары, Жабык азия оюндары жана Эл аралык олимпиаданын аткаруу комитетинин расмий өнөктөшү. Былтыры жаз айларында Улуттук олимпиада комитети Эл аралык олимпиада комитети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Алар төрт иш чарага бизди спорттук кийим менен камсыздоого макулдугун берген. Бул спорт дүйнөсүндө стандарттуу нерсе, Adidas, Nikeтын кийимдерин кийим чыккандай эле. Мен билгенден 361 Degrees Тажикстан жана башка өлкөлөр менен дагы биздикиндей келишими бар», — дейт ал.

Самат Токтоналиевдин айтымында, 361 Degrees Кыргызстанга демөөрчүлүк кылып, формаларды бекер берип жатат.

«Өткөн жылы Азия оюндары 200дөн ашык форманы берди. Ар бир комплект кийим, чемодан, байпакка чейин болуп 15 бөлүктөн турат. 100 миң сомго барабар болгон кийимдерди бекер алып жатабыз. Кытайга барып, материалдарын тандап, сапатын макулдашканбыз», — дейт аткаминер.

Кытайлык компания Парижде кийе турган спорттук кийимди бекер даярдап, ал эми параддык форма жергиликтүү чеберлер менен бирге даярдалды.

«Өзүбүздүн дизайнерлер параддык форманын дизайнын түздү. Ага 36 миң сомдон төлөп бердик», — дейт ал.

Самат Токтоналиев кытайлык ишкана менен бюджеттик чыгымдарды үнөмдөө үчүн келишим түзүлгөнүн белгилейт.

«Ооба, BigserSport менен иштешкенбиз. Бирок алардык кызматы кымбат болуп калат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 361 Degrees — Фуцзянь аймагында жайгашкан, спорт кийимдерин жана бут кийимдерин чыгарган ири компания. Анын жылдык кирешеси 6 миллиард доллардан ашат.

Социалдык тармактын колдоонуучулары параддык формада Кыргызстандын гербинин ордуна чет элдик ишкананын логотиби турганын сындашууда. Айрымдардын пикиринде, кийимдер этникалык колорит жок, жөнөкөй жана жупуну болуп калган.

Параддык форманынын дизайнын  Reporter.kg буга чейин маалымдагандай, Бишкектеги «Модный дом» үйүнүн дизайнерлери Сонун Нурманбетова, Алтынай Рыскулова, Салтанат Мамытова, Арановский Владимир жана Нурсултан Муратов даярдаган. Алардын кызматына жумшалган каражат ачыкталбайт.

Буга чейинки Эл аралык олимпиадага форманы чебер Дилбар Ашимбаева жана BigserSport тигип келген.

Париж — 2024. Спортчулардын Олимпиаданын ачылышына кийе турган кийими даяр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>