Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Азия чемпионаты (U-20): Грек-рим балбандары 6 медаль утту
22.07.2024 | 11:12
Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбандар Таиланддагы 20 жашка чейинки (U-20) спортчулар арасындагы Азия чемпионатында 6 медаль – 3 күмүш, 3 коло утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Күмүш байгеге Нуристан Сүйөркулов (60 кг), Кутман Темирбеков (72 кг) жана Эрлан Марс уулу (77 кг) ээ болду.
Коло медалды Ынтымак Өмүр уулу (55 кг), Сабит Шемшединов (63 кг) жана Артык Алымбек уулу (87 кг) тагынды.
Жалпы командалык эсеп боюнча Кыргызстан 3-орунга татыган.
Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Рыскулбек Эгеевдин жетекчилиги алдында катышты.