Олимпиадага жолдомо уткан Үзүр Жусупбеков үмүт үзбөй колдогон мекендештерине рахмат айтты

Олимпиадага жолдомо уткан Үзүр Жусупбеков үмүт үзбөй колдогон мекендештерине рахмат айтты

Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган грек-рим балбаны Үзүр Жусупбеков акыр-аягына чейин үмүт үзбөй колдоо көрсөткөн мекендештерине ыраазычылык билдирди.

Бириккен күрөш дүйнөсү «Инстаграмдагы» баракчасына чыгарган (Дүйнөлүк лицензиялык мелдеште Олимп оюндарына лицензия уткан грек-рим балбандарынын аты жазылган) посттун алдына Жусупбеков «үмүт үзбөй аягына чейин колдогон мекендештериме рахмат» деп жазды.

Белгилей кетсек, ар бир спортчу үчүн болгондой эле, Үзүр Жусупбековго Олимпиадага лицензия алуу оорго турду. Ал Олимп оюндарына жолдомо алуу үчүн алгач Бишкекте өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште багын сынады. Бирок анда жолу болбоду: чечүүчү беттеште эзелки атаандашына айланган өзбекстандык Рустам Ассакаловго лицензияны алдырып жиберди. Ошондо Жусупбековго күйөрмандар тарабынан ачуу сындар айтылган. Спортчуну сындагандар менен катар аны колдоп, ага ишенген күйөрмандар да болгон.

Бишкектеги мелдеште жолу болбогондон кийин Жусупбековго Дүйнөлүк лицензиялык мелдешке барууга туура келди. Бул турнир балбандар үчүн Париждеги Олимп оюндарына лицензия алууга акыркы мүмкүнчүлүк эле. Ким жолдомо ала албай калса, 4 жылда бир өтүүчү Олимпиадага катышуу, медаль утуу кыялынан кур калмак.

Дүйнөлүк лицензиялык мелдеште да Жусупбековдун жолу шыр болбоду. Ал биринчи беттешин жеңиш менен баштаганы менен 1/8 финалда финляндиялык атаандашынан жеңилүү ызасын тартып калды. Бактыга жараша аны уткан балбан финалга өткөндүктөн, Жусупбековдо көңүл жубатуучу беттешке чыгып, лицензия үчүн күрөштү улантууга мүмкүнчүлүк жаралды. Финляндиялык спортчу финалга чыкпаганда, Жусупбеков да лицензиясыз калмак.

Жусупбеков көңүл жубатуучу беттеште, андан кийин коло үчүн кармашта жеңишке жетип үчүнчү орунду ээлеген эки балбандын бири болду. Ошентип ал үчүнчү орунду алган дагы бир балбан (германиялык Лукас Лазогианис) менен лицензия үчүн беттеш өткөрдү. Жыйынтыгында атаандашын 8:4 эсебинде жеңип, көптөн күткөн жолдомого да кол жеткизди.

Стамбулда өтүп жаткан мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге татыган эки балбан бири-бири менен беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Турнир 9-майда башталган, 12-майда жыйынтыкталат.

Сүйүнчү! Үзүр Жусупбеков Олимп оюндарына жолдомо утуп алды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>