Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Бишкекте кан басымы жогору болгон 5 айдоочу каттамдан четтетилди (видео)
11.05.2024 | 10:42
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарды жана коомдук транспорттордун айдоочуларын текшерүүгө алды.
ЖКККББдан билдиришкендей, текшерүү учурунда эч кандай лицензиясы жок каттамга чыгып жүргөн жана техникалык талаптарга жооп бербеген коомдук транспорттор аныкталып, автобекеттин механигинин жетекчисине 35 миң сом айып салынды.
Ошондой эле айдоочуларды каттамга чыгуу учурунда наркология бөлүмүнөн текшертүү учурунда 5 айдоочунун кан басымы жогору 170, 180, 204 болгондуктан, убактылуу аларды коопсуздук үчүн каттамга чыгуудан четтетишти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар