Өлкө башчы Баткенде футбол комплексин курууга 1 млрд сом бөлүнөрүн билдирди

Өлкө башчы Баткенде футбол комплексин курууга 1 млрд сом бөлүнөрүн билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта Баткен шаарында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бул медициналык борбор компьютердик томография, санариптик рентген аппарат, ультрадобуштук жана эндоскопиялык изилдөө жабдыктары менен жабдылган. Ошондой эле жаңы ачылган имаратта 76 орундуу стационар, 96 орундуу жатакана жана 160 кишиге ылайыкташтырылган заманбап конференц-зал бар. Клиниканын курулушуна 292 млн сом, ал эми медициналык жабдууларга 99 млн сом сарпталган.

Ачылыш аземде өлкө башчы Баткен шаардык мэриясына футбол комплексин курууга Мамлекеттик турукташтыруу фондунан 1 млрд сом акча каражаты бөлүнөрүн жарыялады. Ошондой эле аталган облуста жаңы шаар куруу пландары бар экендигин билдирди.

Иш-чарада ал облуска эки тез жардам унаасын белек катары тапшырды.

Жапаров иш-чарада сөз сүйлөп, көчүүгө туура келген баткендиктерди мамлекет көңүл сыртында калтырбай турганын айтып, бийлик мыкты шарттары менен жаңы, заманбап үйлөрдү салып берерин билдирген.

«Мындан ары кыргыз-тажик чек арасы – тынчтыктын, бейпилдиктин чек арасы, ынак коңшулук кызматташуунун чек арасы болот. Баткенде бейпил турмуш өкүм сүрүп, жалпы журтубуздун санаасы тынчыйт», — деди ал.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>