Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда мекендештерди жана дүйнөнүн булуң-бурчунда жүргөн бардык мусулмандарды ыйык майрам менен чын жүрөктөн куттуктап, Курман айттын – боорукердик, кайрымдуулук жана жоомарттык сыяктуу баалуулуктарды камтыган улуу майрам экенин белгиледи.
«Курман Айт жана андагы жөрөлгөлөр – кылым карыткан кыргыз элинин жашоо-турмушунда маанилүү роль ойноп, коомдук биримдикти чыңдап, өз ара сый-урматтын, эриш-аркак ымаланын, кут-берекенин жышааны болуп келген жана мындан ары да боло берет. Курман Айт майрамы бүгүнкү күндө да адам баласынын дилинин тазаруусуна ырайымдуу, берешен, кайрымдуу болушуна үндөп келет. Бул күндү баарыбыз ар дайым кубануу менен тосуп алабыз»,- деди ал.
Өлкө башчы акыркы жылдары өлкөбүздө улуттук-руханий баалуулуктарды өнүктүрүү жана жайылтуу, дин тутуу эркиндигин камсыздоо жаатында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын көп этностуу жана көп конфессиялуу элинин үмүт-тилегин ишке ашырууга, өлкөдөгү ар этностун маданиятын сактоого, Кыргызстанды “Ата Мекеним!” деп эсептеген ар бир кыргыз жаранынын бийик максаттарына жетүүсүнө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
«Биргелешкен күч-аракетибиз менен Кыргызстанды достуктун жана биримдиктин өкүмү сүргөн, этносуна, тилине, динине карабастан, тынчтык жана бакубатчылык орногон өлкөгө айландырабыз деп бекем ишенем»,- деди өлкө башчы.
Мамлекет башчысы быйыл 6 миңден ашуун кыргызстандык ажылык сапарына аттанганын белгилеп, алардын дуба-тилектери эл-жердин өнүгүшү үчүн кабыл болсун деп тилек кылды.
«Урматтуу мекендештер, Курман Айт күнү курмандык чалып, айткан бардык тилегиңиздер кабыл болсун. Ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыйман уялап, ар бир үйгө ырыскы толсун. Жараткан ар кандай бөөдө кырсыктардан сактап, өлкөбүздү өнүгүү жолунан тайдырбасын! Айтыңыздар маарек болсун!”,- деп жыйынтыктады куттуктоосун.