Өлкө башчы Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасын сыйлады

Өлкө башчы Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасын сыйлады

Бүгүн, 15-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Түркияда өткөн хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жеткен Кыргызстандын улуттук курама командасын сыйлады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Сыйлоо аземинде мамлекет башчысы спортчуларды дүйнөлүк чемпионаттагы тарыхый жеңиши куттуктап, алардын бул жеңиши талыкпаган эмгектин аркасынан келгенин белгилеген.

«Албетте, мындай жетишкендиктердин артында талыкпай машыгуу, келечектеги жеңиштерге болгон ишеним жана ар тараптуу колдоо турат. Силердин өжөрлүгүңөрдүн, талыкпаган эмгегиңердин жана командалык духтун аркасында Кыргызстан тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын экинчи дивизионунун «Б» тайпасына чыкты», — деп билдирген ал.

Сыйлоо аземинде мамлекет башчысы спортчуларга акчалай сертификаттарды: кураманын оюнчуларына — 600 миң сомдон, машыктыруучуларга — 800 миң сомдон, медицина кызматкерлери менен техникалык кызматкерлерге — 200 миң сомдон тапшырган.

Ал Хоккей федерациясынын жетекчилигине, машыктыруучулар курамына, медицина кызматкерлерине жана техникалык кызматкерлерге – спортчулардын ийгилигинин артында тургандардын бардыгына ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле Садыр Жапаров чемпионатта өзгөчө жетишкендиктерге жеткен айрым хоккейчилерди: мыкты чабуулчу деп табылган Исламбек Абдыраев, мыкты коргоочу Кузьма Терентьев жана мелдеш учурунда эң көп упай топтогон оюнчу аталган команданын капитаны Мамед Сейфуловду өзгөчө белгилеген.

«Силер өзүңөргө жана дүйнөгө кыргыз хоккейи бар экенин далилдеп гана тим болбостон, анын тез өнүгүүсүн, жаңы бийиктиктерге даярдыгын көрсөттүңөр. Биз силердин жеңишке болгон эркиңерге, биримдигиңерге, Кыргызстандын желегине берилгендигиңерге суктанабыз.

Алдыда дагы чоң жетишкендиктер турат. Биздин бүт өлкөбүз, өзгөчө күйөрмандарыңар силерди элиталык жогорку дивизиондун матчтарында көрүүнү кыялданат. 2026-жылы силер Болгариянын София шаарында өтө турган дүйнө чемпионатынын 2-дивизионунда Кыргызстандын намысын коргойсуңар. Өзүңөрдүн мыктылыгыңарды көрсөтүп, жеңишке жетип, артыңардан силердей хоккейчи болом деп келаткан миңдеген уландардын “бир кезде мен дагы Кыргыз туусун бийик көтөрөм!” деген ой-кыялын ишке ашырууга себепкер болгула!», — деди Мамлекет башчысы.

Соңунда Президент Садыр Жапаров хоккейчилерге чың ден соолук, бекем эрк жана чексиз мекенчилдик каалап, мамлекет мындан ары да спортко, анын ичинде хоккейге колдоо көрсөтөөрүн баса белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>