Өлкө башчы Ноорузду түштүк борбордо майрамдап жатат

Өлкө башчы Ноорузду түштүк борбордо майрамдап жатат

Садыр Жапаров быйыл 21-март — Нооруз майрамын Ош шаарында майрамдап жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы шаардын борбордук аянтында майрамга арналган иш-чарага катышып, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Бүгүн мен айланасы көрккө бөлөнгөн, береке-куту төгүлгөн ордолуу Ош шаарынан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчунда болсо да ар дайым жүрөгү мекен деп соккон мекендештеримди бүгүнкү Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктап, жамы журтума молчулук, ыйман-ынсап, акыл-парасат, ырыскы, береке тилеймин. Нооруз майрамыңыздар менен, кутман элим!», — деди ал.

Жапаров майрамдык иш-чарадагы сөзүндө быйыл Ош шаарына мамлекеттик бюджеттен 2 млрд 700 млн сом бөлүнөрүн, ага шаардын 11 көчөсү, тротуарлары, жашыл аймактары капиталдык ремонттон өткөрүлөрүн жана жол оңдоочу техника сатылып алынарын айтты.

Ошондой эле Ош облусуна Турукташтыруу фондунан кошумча 4 млрд сом бөлүнүп, бул каражат Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа, Ош – Баткен – Раззаков жолунун Ноокат – Кызыл – Кыя бөлүгү жана Ош – Кара-Суу жолдорун оңдоого жумшаларын билдирди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>