Өлкө боюнча 74 миң гектардан ашуун жер зыянкеч чегирткелерден тазаланды

Өлкө боюнча 74 миң гектардан ашуун жер зыянкеч чегирткелерден тазаланды

Айыл чарба министрлиги бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 74 миң гектардан ашуун жер зыянкеч чегирткелерге каршы дарыланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 114 миң гектардан ашык айыл чарба жерлери изилденип, алардын ичинен 84 миң гектарда зыянкеч чегирткелер аныкталган.

Учурда зыянкеч чегирткелер менен күрөшүү боюнча иштер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Талас, Чүй жана Нарын облустарынын аймактарында улантылууда.

Мындан тышкары министрлик Бишкек шаарынын тургундарынан чегирткеге (саранчага) окшош курт-кумурскалардын пайда болушу боюнча көп кайрылуулар түшүп жатканын маалымдап, бул боюнча түшүндүрмө берди.

«Бишкек шаарынын аймагында адистер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, аныкталган курт – үйүрлүү чегиртке (саранча) эмес, алар жөнөкөй чегирткелердин (Tettigonoiidae) түркүмүнө кирген Platycleis Fieber (орусчасы – Скачки) чегирткеси экендиги аныкталды. Бул курттар адамдын ден-соолугуна жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө эч кандай зыян келтирбейт»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Айыл чарба министрлиги учурда өсүмдүктөрдү коргоо жана мониторинг иштери улантылып жатканын билдирип, эгерде жаңы очоктор пайда болгон учурлар катталса жарандарга жергиликтүү бийлик органдарына же түздөн-түз Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине кайрылуусу керектигин эскертти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>