Кыргызстандын бийлиги кремацияга 2040-жылга чейин тыюу салууну сунуштоодоЧолпон-Атада айланма жолдун курулушу башталдыТоктогул районунда жаңы мал союучу жай пайдаланууга берилдиАдылбек Касымалиев Шымкентте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жыйынына катыштыСокулукта 9 жаштагы Нурислам дайынсыз жоголууда27-мартка карата аба ырайы
Өлкөнүн тоолуу аймактарына кар көчкү түшүүсү мүмкүн
15.01.2026 | 10:56

15-18-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кар көчкү ошондой эле төмөнкү унаа жол тилкелерине түшүүсү мүмкүн:
- Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында;
- Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда;
- Красная-Горка–Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
- Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында;
- Каракол–Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда;
- Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда.
ӨКМ бул күндөрү жолдор тайгак болорун билдирип, айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом