Кыргызстан жаңы эки учак сатып алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, аймактардагы аэропортторду жаңылоо 2024-жылы аяктайт.
«Эки учак алдык. Алар келерки жылы июль айында келет. Андан тышкары, президенттин макулдугу менен дагы эки жаңы учак сатып алууну пландап жатабыз. Алар ички каттамдарды ишке ашырат», — дейт Акылбек Жапаров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз