Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Ооганстанда жер титирөө болуп, 7 киши каза болду
03.11.2025 | 10:11

Бүгүн, 3-ноябрда, эртең менен Ооганстандын түндүгүндө күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Reuters жазды.
Маалыматка ылайык, Саманган провинциясынын Саламаттык сактоо департаментинин өкүлү жер титирөөнүн кесепетинен кеминде жети адам каза болуп, болжол менен 150 киши жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин билдирген.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөө Мазари-Шариф шаарына жакын 28 чакырым тереңдикте болгон. Бул шаарда болжол менен 523 миң киши жашайт.
Өлкөнүн Табигый кырсыктар менен күрөшүү улуттук агенттиги жабыркагандар жана чыгымдар тууралуу так маалыматтар кийинчерээк берилерин билдирген.