Ооганстан кургатылган жемиштердин экспортун көбөйттү: 2025-жылы түшкөн киреше 667 млн долларга жетти

24.03.2026 | 16:01

2025-жылы Ооганстан дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө 205 миң тонна кургатылган жемиш экспорттогон. Бул тууралуу өлкөнүн Өнөр жай жана соода министрлигинин өкүлү Абдусалам Жавад билдирди. Жеткирүүлөрдүн жалпы наркы 667 млн долларды түздү.

Тышкы рынокторго кургатылган жемиштердин жана жаңгактардын кеңири түрү, анын ичинде: өрүк, инжир, мисте, кургатылган өрүк (кура), бадам, кургатылган мушмула, грек жаңгагы, фундук, алыча жана кара мейиз чыгарылган.

Ооганстандын кургатылган жемиштери ар кайсы континенттерде суроо-талапка ээ болду. Продукция төмөнкү өлкөлөргө жөнөтүлгөн: Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Пакистан, Франция, Кипр, Нидерланды, Россия, Тажикстан, Улуу Британия, Кытай, Австралия, ошондой эле бир катар башка мамлекеттерге.

Scroll to Top