Ооганстанда катуу жер титирөө болуп, кеминде 600 адам каза болгону айтылууда

01.09.2025 | 12:42

1-сентябрга караган түнү Ооганстандын Желалабад шаарынан 17 чакырым алыстыкта күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болуп өттү. Бул тууралуу NBC News Талибандын өкүлүнө шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Абдул Матин Кани азыркы тапта Нангархар жана Кунар облустарында 622 адамдын каза болгону жана 1300дөн ашуун адам жарадар экени тастыкталганын билдирген.

Ал эми Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Шарафат Заман жер титирөө алыскы тоолуу аймакта болгондуктан, жоготуулар жана зыян тууралуу так маалымат алуу үчүн убакыт керектигин айткан.

«Биз ири куткаруу операциясын баштадык жана жабыркаган аймактардагы адамдарга жардам берүү үчүн жүздөгөн адамдарды мобилизацияладык», — деп билдирген Заман басылмага.

Scroll to Top