Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү

13.10.2025 | 17:39

Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Гуманитардык жардам Кыргызстандын президентинин тапшырмасынын жана Министрлер кабинетинин этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча буйругунун негизинде жөнөтүлгөн. Жардамдын курамына медициналык жана ветеринардык дары-дармектер кирген.

“Сапардын жүрүшүндө экспедициялык топтун жетекчилиги астында Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Б.Дарманкул уулу Ооганстандын Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда этникалык кыргыздардын жашоо шарттары, провинция бийлигинин учурда көрүп жаткан чаралары жана алдыдагы социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелерди чечүү боюнча пландары талкууланды”,- деп айтылат маалыматта.

Экспедициянын алкагында кардиологдор, тиш дарыгерлери жана акушер-гинекологдордон турган дарыгерлер тобу тарабынан 765 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 187си аялдар, 207си балдар болгон. Мындан тышкары, жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай оорулардын алдын алуу, өз убагында аныктоо жана бодо менен майда мал үчүн ветеринардык дарыларды туура колдонуу боюнча окутуу иштери жүргүзүлгөн.

Ветеринардык кызматтын адистери малды кароо иштерин жүргүзүп, эмдөө боюнча кеңештер жана практикалык тренинг өткөрүшкөн. Натыйжада 10 төө, 40 ат, 367 баш топоз жана 840 баш кой-эчки текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Scroll to Top