Ош жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерин түзүү каралуудаДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралууЭсептөө палатасынын Ош шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудити: 2,5 млрд сомдук карыз жана документсиз курулуштарКРде биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулдуАдылбек Касымалиев БУУнун эки экономикалык комиссиясынын жетекчилери менен жолуктуЭми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышат
Садыр Жапаров Реми Дюфлону кабыл алды: Кыргызстан – Европа Биримдиги менен кызматташууну чыңдоого даяр
13.10.2025 | 17:48

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфлону ишеним грамоталарын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алды.
Садыр Жапаров Кыргызстан Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Реми Дюфло Европа Биримдигинин Кыргызстан менен байланышты бекемдөө аракеттерин улантарын белгилеп, зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө даяр экенин айтты.