Дүйнөлү банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун андан ары каржылоого даярКыргызстан жана Түштүк Корея акылдуу айылдардын технологиясын киргизүү жана ирригацияны модернизациялоо боюнча макулдашты27-январь: Айрым аймактарга кар жаайтКыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат берди
Оренбург-Бишкек учагына жасалма паспорт менен отурууга аракет кылган аялга кылмыш иши козголду
21.05.2020 | 09:51
Оренбург-Бишкек каттамына жасалма паспорт менен отурууга аракет кылган аял кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
“Орусиянын паспорту бар дагы эки жаран чек арадан өтө алышкан жок”, – деп билдиришти элчиликтен.
Түндө Оренбургдан Бишкекке чартердик рейс менен Кыргызстандын 167 жараны келишти. Жакын арада элчилик калган 400 жаранды автобус менен алып кетүүнү пландаштырууда.
Элчилик Оренбург облусуна барууну каалаган жарандарды орус-казак чек арасын кесип өтүп, оор абалга түшүп калбоо үчүн саякаттоодон баш тартууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом