Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Оренбург-Бишкек учагына жасалма паспорт менен отурууга аракет кылган аялга кылмыш иши козголду
21.05.2020 | 09:51
Оренбург-Бишкек каттамына жасалма паспорт менен отурууга аракет кылган аял кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
“Орусиянын паспорту бар дагы эки жаран чек арадан өтө алышкан жок”, – деп билдиришти элчиликтен.
Түндө Оренбургдан Бишкекке чартердик рейс менен Кыргызстандын 167 жараны келишти. Жакын арада элчилик калган 400 жаранды автобус менен алып кетүүнү пландаштырууда.
Элчилик Оренбург облусуна барууну каалаган жарандарды орус-казак чек арасын кесип өтүп, оор абалга түшүп калбоо үчүн саякаттоодон баш тартууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом