Бишкек комендатурасына 2-7-апрель күндөрү өткөрмө кагаздарын алуу үчүн 16 213 электрондук арыз келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.
Орозалиевдин маалыматына ылайык, алардын ичинен 725 арыз жактырылды. Өткөн суткада 180 электрондук арыз келип түшкөн