Орто-Сай базарында 252 орундуу көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулууда

Орто-Сай базарында 252 орундуу көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулууда

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Орто-Сай базарынын аймагын көрктөндүрүү иштери менен таанышты.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, учурда Безымянная көчөсүндө Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде 252 орундуу көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүп жатат.

Борбор калаа башчысы курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын май айынын аягына чейин бүткөрүүнү, ага чектеш аймакты көрктөндүрүү маселесин кароону, турак жайлардын жанындагы балдар аянтчасын жана футбол аянтчасын оңдоону тапшырды.

Ошондой эле мэр Безымянная көчөсүнөн ары карай ротордук унаа токтотуучу жайдын ишин текшерди. Конструкция 10 жеңил унаага ылайыкталган жана төрт кабаттуу.

Учурда ротордук унаа токтоочу жай пайдаланууга берилди. Унаа токтотуучу жайдын баасы биринчи саат үчүн 25 сом, андан кийинки ар бир саат үчүн 25 сом.

“Бишкекасфальтсервис” ишканасына шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн ротордук унаа токтотуучу жайга кирүүчү жолду иретке келтирүүнү карап чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары, муниципалитеттин башчысы таштандыларды сорттоочу жаңы пункт менен таанышты. Учурда “Орто-Сай” базарынын ичинде таштандыларды сорттоочу эки пункт иштеп жатат, бул катуу таштандыларды ташып чыгаруудагы түйшүктү бир топ жеңилдетет.

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы базардын айланасында иштеп жаткан объектилердин мыйзамдуулугу боюнча маселени карап, мыйзамсыз орнотулган темир тосмолорду демонтаждоо чараларын көрүшү керек.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр бардык берилген тапшырмалардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>