Кыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдору
Орто-Токой суу сактагычына чакан ГЭС курулат
24.06.2024 | 18:09
Орто-Токой суу сактагычына чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев жерине барып, курулушту баштоого көрүлгөн даярдык иштери менен таанышкан. Ибраев бир жуманын ичинде курулуш иштерин баштоону тапшырган.
Белгилүү болгондой, Орто-Токой суу сактагычына кубаттуулугу 21 МВт болгон ГЭС куруу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 2023-жылы мартта “Чакан ГЭС” ААКсы Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation мамлекеттик компаниясы менен макулдашууга кол койгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом