Эмнелер өсүүдө, ал эми кайсылар кыскарууда: Кыргызстандын 2027–2029-жылдарга бюджетинин долбооруна серепКыргызстанда качкын макамын алуу эрежелерин катаалдаштыруу каралууда — кеңири маалыматСадыр Жапаров Сеулда инвестицияларды, жасалма интеллектти жана биргелешкен өндүрүштөрдү талкууладыКыргызстанда 1-октябрдан тарта онлайн нотариалдык кызматтардын тизмеси кеңейтилетБишкекте алгачкы 17 жаңы YUTONG автобусу каттамга чыктыАйрым аймактарда өткүн өтөт: 17-сентябрга карата аба ырайынын божомолу
Кыргызстан мөңгүлөрдүн 30 пайызын жоготту
24.06.2024 | 18:07
Тянь Шань тоолорундагы 4 миң метрге чейинки мөңгүлөр эрип кетип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Илимдер Академиясынын Суу проблемасы жана гидроэнергетика институнун директору Догдурбек Чонтоев билдирди.
Ал Борбордук Азия аймагында акыркы 30 жылда күн 3 градуска ысыганын белгилейт. Анын жыйынтыгында 4 миң метрге чейинки жердеги мөңгүлөрдүн 30 пайызы эрип жок болду.
“Алар топтолуп, тоодогу, ашып кетүү коркунучун жараткан көлдөргө айланды. Буга чейин мындай көлдөрдүн саны 2600дөй болсо, азыр тынбай өсүп жатат. Алардын калк жашаган аймакка жакын жайгашышы коркунучтуу”, – дейт илимпоз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом