Орусия Кыргызстанга 8 млн долларлык гумжардам көрсөтөт

Орусия Кыргызстанга 8 млн долларлык гумжардам көрсөтөт

Орусиянын өкмөтү Кыргызстанга 8 млн доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу орус элчилигинин “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланды.

Анда айтылгандай, жогоркудагы суммага 9 миң тонна азык-түлүк сатылып алынып, жакыр үй-бүлөлөргө таратылат.

Аталган долбоор ООНдун Дүйнөлүк соода программасы менен биргеликте ишке ашырылууда. 

Орусия мындан тышкары, Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун бекемдөө сыяктуу башка да долбоорлорду каржылоону улантат. Анын ичинде башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыздоо долбоору дагы камтылган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 400 миң окуучу ысык тамак менен камсыз болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>