УКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү
Орусия менен Иран жалпы криптовалюта түзүшү мүмкүн
16.01.2023 | 21:30
Орусия менен Иран жалпы алтын менен камсыздалган криптовалюта түзүү маселесин талкуулап жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, санариптик технологиядагы жетишкендиктерди эске алуу менен Орусия менен Иран учурда алтынга байланган биргелешкен стейблкоинди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат.
Россиянын криптоэкономика, жасалма интеллект жана блокчейн ассоциациясынын аткаруучу директору Александр Бражников Ирандын Борбордук банкы эл аралык соодага байланышкан транзакцияларда төлөм каражаты катары Орусия менен стейблкоин түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.
Бражников монетанын наркы алтынга (б.а. стейблкоинге) байланарын айтты.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар